Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Келжиреген орунсуз сөздөрдү сүйлөй берүү, ар кайсынын башын айтып тантыроо. – Акын оозуна келгенди оттой береби (Бейшеналиев). Кадыр эми башкы эсепчиге жалынып, оозуна келгенди оттоп, алынын келишинче бакылдап жатты (Бердикеев). - Ай сен да оозуңа келгенин оттой берет экенсиң, -деп Сабитжан жалжактап калды (Айтматов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Келжиреген орунсуз сөздөрдү сүйлөй берүү, ар кайсынын башын айтып тантыроо. – Акын оозуна келгенди оттой береби (Бейшеналиев). Кадыр эми башкы эсепчиге жалынып, оозуна келгенди оттоп, алынын келишинче бакылдап жатты (Бердикеев). – Ай сен да оозуңа келгенин оттой берет экенсиң, – деп Сабитжан жалжактап калды (Айтматов). В.: Оозуна келгенин айтуу. – Жөн эле оозума келгенин айтып койдум да, – деди бүжүрөп (Айтматов).